Былтыр Орусияда ата-энесинин камкордугусуз калган 17 кыргыз бала өлкөгө кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.
"2011-2018-жылга чейин Орусиядан Кыргыз мамлекетине 96 бала кайтарылган. Анын ичинен 52 бала үй-бүлөгө, 12 бала асырап алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, 10 бала камкордукка, 22 бала балдар үйүнө берилген", - дейт ал.
Ал эми быйыл жыл башынан Орусиядан 6 бала кайтарылды. 2 бала үй-бүлөгө берилип, 4 бала балдар үйүндө жайгаштырылган. Алардын туугандарын табуу аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.