Бүгүн, 7-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев кызматтан бошотулары айтылды. Маалым болгондой, бүгүн аталган компаниянын директорлор кеңешинин отурумунда башчысын алмаштыруу маселеси каралмак.
SUPER.KG порталы Бактыбек Шамкеев менен байланышканда, ал бул маалыматты четке какты. "Мен кызматтан бошотулган жокмун. Өз ордумда иштеп жатам" деп айтты Шамкеев.
Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компанияга өкмөт жана парламент депутаттары тарабынан сындар айтылып келген.
21-майда "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашырып жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болгон. SUPER.KG порталы жеңилдетилген жана арзан ипотека алыш үчүн кандай документтерди чогултуу керектиги жана насыя алуу эрежелери тууралуу айтып берген.