Бүгүн, 8-июнда КСДПнын коррупцияга каршы митинги башталды. Учурда митингге эл чогулуп жатат. Жалпысынан 300гө жакын адам келди.
Партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева бул митингге катышуу үчүн акча берилип жатат деген калп маалымат таратылып жатканын айтты.
Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттары Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова келип катышууда.