"Атамбаев үйүндө эле эс алып жатпайбы деп айтып жатышат. Мен сүйлөбөсөм, чимкириктер сүйлөйбү", - деп бүгүн, 8-июнда Бишкекте өтүп жаткан митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарын сынга алды.
"Мен сүйлөшүм керек. Президенттикке Сооронбай Жээнбековду алып келгеним үчүн күнөөм бар. Мен 6 жыл президент болгом, Асылбек Жээнбеков 4,5 жыл Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Парламенттин төрагасы өлкөдөгү экинчи адам болуп саналат", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча пикирин айтты. "Элдин көңүлүн Райымбек Матраимовдон буруу үчүн бул ишти кайра козгоп жатышат. "Атамбаев Батукаевди акча алып чыгарды" деп жатышат. Мен президент болуп туруп Батукаевден акча сурамак белем? Акчаны өзүм берчүмүн. Мени кайгыртканы - Атамбаевге каршы көрсөтмө алуу үчүн 3 жашар баласы бар Аида Салянованы камап жатат. Бул азыркы зөөкүрлүк токтобосо, Сооронбай Жээнбеков кет деп чыгабыз", - деди экс-президент.