Кыргыз Эл жазуучусу, акын, драматург, илимпоз Мырзабек Тойбаев каза болду.
Мырзабек Тойбаев 8-июнда көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 10-июнь күнү саат 10:00дө Кыргыз улуттук драма театрында болот.
Тойбаев 1935-жылы 25-январда Чүй районунун Алчалуу айылында төрөлгөн. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Чыгармачыл жолун 1948-жылы акын катары баштап, 1952-жылдан тарта драматургия жаатында эмгектенген. Анын бир нече пьесалары орус, өзбек, казак, түркмөн, тажик, каракалпак, татар, башкыр, монгол, уйгур, дунган, якут, украин, түрк жана башка тилдерге которулуп коюлган. Мындан тышкары анын 100гө жакын ырына белгилүү композиторлор музыка жазган. "Бишкегим" ырынын сөзү Тойбаевга таандык.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мырзабек Тойбаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.