Валентина Шевченко мыкты беттеши үчүн кошумча 50 миң доллар акчалай байге алат

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко "UFC 238" мелдешиндеги ийгилиги үчүн 50 миң доллар акчалай байгеге ээ болот. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Валентина Шевченко бүгүн, 9-июнда АКШнын Чикаго шаарында америкалык Жессика Ай менен беттешип, чемпиондук курун коргоп калды. "UFC 238" турниринин уюштуруучулары Шевченконун беттешин мыкты деп баалашты. Мушкер жогорку деңгээлдеги көргөзгөн оюну үчүн кошумча 50 миң доллар акчага ээ болору айтылды.

Мындан тышкары "UFC 238" турниринде мыкты беттеш ээлери деп америкалык мушкер Генри Сехудо, Тони Фергюсон жана Дональд Серроне табылган. Аты аталган мушкерлер дагы UFC`нин кошумча акчалай байгесине ээ болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
salimbek87.kg
2019-06-09 17:22:56
Баракелде азаматсын жениш кут болсун
+3
Tolkun555
2019-06-09 17:28:58
Красавица азаматсын
+5
arena2014
2019-06-09 17:34:32
Кошумчадан башка дагы канча алат бул биздин кыз?
+4
macho90
2019-06-09 20:11:32
arena2014, Сен ойлогондон көп алат.
-4
Take_men
2019-06-10 08:04:26
arena2014, 150~200 миң доллар алса керек менин оюмча. Сары кызыбыз азамат
0
bessmertiy
2019-06-09 18:11:34
Берекесин берсин! Жеңиш кут болсун! Азамат!
+4
rysik79
2019-06-09 18:49:51
Кыргызстандык кыз Валя азамат.
+6
aerforce
2019-06-09 21:50:02
Азаматсың!!! Биздин сыймыгыбыз
+5
Sizge.kat
2019-06-10 11:15:04
биздин бийлик деле кур куттуктады акчалай ыраазы кылып койушса болмок
0
Samatalibei
2019-06-10 20:04:44
Азаматсын Куттуктайбыз кыргыздын желеги желбиресин.
0
Kristianuronaldu
2019-06-10 20:17:47
Валентина UFCнин ханышасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан