Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунун кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды

Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунун кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Окуя бүгүн, 9-июнда саат 13:10 чамасында болгон. Ал эми аталган соода борбордун администрациясы жалган тревога болгонун билдирди.

"Өрт сигналы бутиктердин биринен чыгып, текшерүү учурунда ал жалган экени аныкталган. Өрт сигналы болгондон 2 мүнөттөн кийин эле эвакуация токтотулган. Учурда абал тынч, баары мурдагыдай тартипте иштеп жатат. Ал эми өрт сигналы эмнеден улам иштеп кеткени такталууда", - деди соода борборунан.

"Азия Молл" соода борборунун кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
12.12.12
2019-06-10 01:03:35
Реклама. Аты өчүп бараткан ырчылар деле эски окуясын айтып,чыр чыгарып жатышпайбы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан