Парламент комитетинде "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 10-июнда парламент комитетинде "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечиси - өкмөт. "Банктык эмес финансы рыногун түзүүдө топтолмо пенсиялык фонддордун иши олуттуу ролду ойнойт. Топтолгон каражатты түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылуу ишин жакшыртуу топтолмо пенсиялык институтту түзүүнүн башкы максаттарынын бири болуп саналат", - деп жазылат мыйзам долбоорунда. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында 7 маселе талкууланат. "Ички жер которуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, Жарандарды каттоо эсебине алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан