Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41 миллион 87 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. "Каражаттын 12 миллион 84 миң доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө. Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат. Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат", - деди Абдиев.