2018-жылы укук коргоо органдарынын кароосуна 786 миллион сом суммасындагы аудиттин материалы жөнөтүлгөнү айтылды

2018-жылы Эсептөө палатасынын демилгеси менен укук коргоо органдарынын кароосуна жалпы 786,9 миллион сом суммасындагы аудиттин 49 материалы жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

“Прокуратура органдарына - 753,6 миллион сомго 34 материал, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына - 15,4 миллион сомго 11 материал, УКМК - 4,8 миллион сомго 4 материал. Аларды кароонун жыйынтыктары боюнча, укук коргоо органдары тарабынан 7 жазык иши козголгон. Аудиттин 15 материалы боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат. 12 материал боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылгандыгы жөнүндө чечимдер кабыл алынган, калган материалдар башка жазык иштеринин материалдарына тартылган”, - дейт ал.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан