Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бараткан малчылар жолдон адашып, ашууда калып калышты. Суукка туруштук бере албай, 1 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү Кочкор районуна караштуу Туз айылынын 5 тургуну (эркек: 1968-жылы туулган М.К., 1986-жылы туулган М.Б., 1990-жылы туулган Т.у.Т., 1988-жылы туулган Р.Б., 1985-жылы туулган С.М.) Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап чыгышкан. Жолдо бара жаткан кезде Көк-Жар айылынын Чалай кыштоосундагы Көнөк ашуусунда туман түшүп, бороон болгондуктан жолдон адашып, ашууну аша албай калышкан. 1968-жылы туулган М.К. кан басымы жогорулап жана суукка туруштук бере албай каза болгон. Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу бороондон улам жардан кулап кеткен.
"9-июнь күнү туугандары ӨКМга жардам сурап кайрылышкан. Жерине ӨКМдан 6 куткаруучу, медицина кызматынан 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 4 адам чыгып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, мал-жандыктарын чогултууга жардам беришкен. Туз айылына мал-жандыктары менен түшүшкөн. Каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми калган 4 адам айылдагы ооруканага жеткирилген. Абалдары жакшы", - деп билдирет басма сөз кызматы.