Ошто 26 жаштагы келин төрөт учурунда каза болду. Бул тууралуу Ош облустук төрөтканасынын жетекчиси Гүлбара Кенжебаева билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-июнь күнү болгон. Анда Кара-Суу районунун Папан айылынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 39-жумасында ооруканага келип түшкөн.
"Бул келиндин үчүнчү баласы экен. Ал ооруканага келгенде каканак суусу жарылып келген. Каканак суусунда инфекция бар болгондуктан жарылган. Биз келинди төрөтүп, бардык тийиштүү иштерди жасадык. Анын баласынын башы чыгып баратканда келиндин абалы дароо оорлошуп баштады. Ошол жерден дарыгерлер консилиум өткөрүп, протоколдо айтылган бардык иштерди жасадык. Келиндин абалы улам оорлошуп, кан басымы дагы көтөрүлүп кетти. Анын өмүрүн сакташ үчүн жатынын да алдык. Тилекке каршы, келиндин өмүрүн сактай албай калдык. Анын төрөтүнө жолдошу да катышты. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, атайын комиссия түзүлдү", - деди Кенжебаева.