"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмү Бишкектиги "Ала-Тоо" аянтында илинип турган желектин капталы айрылып, тамтыгы чыгып турган видео менен толукталды. Видеону белгисиз жаран тартып, социалдык тармакка жайылткан.
Видеону тарткан жаран желектин капталы айрылып калганын айтып, буларга токтолду.
"Урматтуу өкмөт өкүлдөрү! Желекти алмаштырып койгулачы, сураныч. 2 күндөн кийин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Келген делегаттарга айрылган желекти көрсөтсөк уят болобуз го. Борбордук аянттагы желекти карагылачы, айрылып, тамтыгы чыгып калыптыр", - дейт.