"Ала-Тоо" аянтындагы айрылган желек алмаштырылды

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы айрылган желек алмаштырылды. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынан маалымдады.

"Борбордук аянттагы желек катуу шамалдан улам айрылган. Айрылган туу алмаштырылды", - дейт маалымат кызматы.

"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтында илинип турган желектин капталы тытылып, тамтыгы чыгып турган видео жүктөлгөн. Анда желектин капталы айрылып калганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан