Жогорку Кеңештин комитетинде Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы депутат Максат Сабиров жасайт. Буга чейин Сабиров белгилегендей, туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. "Акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалууда. Эгерде жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Мисалы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы, Жыргалаң өрөөнү кышкы туризм борборуна айланып калды десек болот", - деп билдирген Сабиров.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мындан тышкары 3 маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан