Министрлердин, прокурорлордун жана депутаттардын үйлөрү каякта салынганы парламентте айтылды

Бүгүн, 11-июнда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынына Ак-Өргөө, ТЭЦ 2 жаңы конушунун тургундары келишти. Алар 15 жылдан бери "мыйзамсыз басып алынган" делген 226 жер тилкеси боюнча маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков өкмөт өкүлдөрүнө кайрылды.

"Бул маселени кароо 4 жолу жылып, дагы жылдыра турган болсок күзгө калат. Мисалы, "Ата-Түрк" сейил багынын өзгөчө макамы бар. Бирок ага карабастан анын аймагында турак жайлар курулуп жатат. Ал жердеги үйлөр кимдердики экенин баарыбыз билебиз. Ал жерде министр, прокурор, депутаттардын үйлөрү салынган. Ал эми кедей байкуштар алган жер тилкесине ээ боло албай жатышат. Андай болсо "байлар мыйзамды бузса кечирилет, кедей бузса кесилет" деп мыйзамга жазып койгула. 15 жылдан бери бул маселе чечилбей келүүдө. Өздөрүнүн үйлөрүндө "квартирант" болуп жашап жатышат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан