Жаңы конуштун тургундары парламентке арызданып келишсе, депутаттар өкмөткө шылтады

"ТЭЦ-2 жаңы конушунда 266 жер тилкеси мыйзамсыз басып алынган деп 15 жылдан бери көйгөй чечилбей келет. Эгер тургунубуз өлүп калса, көмгөнгө жерибиз жок" деп бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган конуштун тургундары билдиришти.

Алар депутаттарга кайрылып, 15 жылдан бери чечилбей келген маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Комитет жыйынында белгилүү болгондой 15 жыл мурун аталган жаңы конуштан алынган 400дөн ашуун жер тилкесинин ичинен 266сы "мыйзамсыз басып алынган" деп табылган.

"Учурда ТЭЦ-2 жаңы конушунда 6 миң калк жашайт. Бул жер тилкелери алынгандан кийин ал жерлер "басып алынган" деген жыйынтык чыккан. Алты жыл аралыгында ал жаңы конушка канчалаган үйлөр курулган. Учурда 189 адамдын жер тилкелери мыйзамдуу алынган деп, ал эми 266 жер тилкесинде курулган үйлөр сүрдүртүлөт деп айтылууда.

Учурда жаңы конуштун тургундарынын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып келүүдө. Эч жерден эч кандай аныктама ала албайбыз. Өлүп калган адамыбызды коё турган жерибиз жок", - деди жаңы конуштун тургуну Клара Абдылдаева.

Депутат Жанар Акаев: "Ак Үйдүн алдында күнүгө митинг болуп жатат. Мындай жаңы конуштардын тургундарынын балдарынын мектепке, ооруканага барганы көйгөйгө айланган. Премьер-министрди өзү барып эл менен жолугушуп, бул маселени чечкенге мажбурлашыбыз керек", - деди.

Депутаттар комитет жыйынына маселе чече турган өкмөттүн өкүлдөрү катышпаганына нааразы болушту. Кийинки жыйынга биринчи вице-премьер, шаар мэри келип сөзсүз катышсын деген тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан