"Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41 миллион 870 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12 миллион 84 миң доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Бул долбоордун алкагында Каракол шаарындагы суу түтүктөрдүн 65 пайызы, Балыкчыда 45 пайызы жаӊыртылат", - деди Токтошев.
Баяндамачынын айтымында, келишим ратификациялангандан кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.