Кутмандуу кечиңиздер менен ардактуу футбол күйөрмандары. Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз өлкөсү менен Палестина курама командаларынын жолдоштук беттеши орун алат. Оюн сентябрь айында баштала турган 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна даярдануу максатында өтөт.
SUPER.KG порталы Азия Кубогунан кийинки "Ак шумкарлардын" алгачкы беттешин жеринен онлайн түрүндө сунуш кылат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!
19:23. Учурда күйөрмандар үчүн ар кандай оюн-зооктор жана көңүл ачуучу чакан концерттик программалар болуп жатат.
19:27. Командалар оюн алдындагы машыгууларын өткөрүп жатышат.
19:40. Бүгүнкү беттешти казакстандык калыстар тейлешет. Башкы калыс Артём Кучин болсо, ага капталдан Евгений Бельский менен Сергей Васютин жардам берет.
19:54. Командалар талаага чыгып, эки өлкөнүн гимндери жаңырууда. Кыргыз курамасы ак, Палестина кызыл форма менен ойнойт.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды. Топту ортодон талаа ээлери кошту.
20:03. Кыргыз футболчулары алгачкы жолу дарбазага жакындап келишти. Бирок кооптуу абал жарата алышкан жок. Учурда талаа ээлеринин чабуулуна коноктор жооп берүүдө.
20:07. Алгачкы мүнөттөрдө кыргыз футболчулары топко бир аз көбүрөөк ээлик кылганы менен топ талаанын ортосунда гана кармалууда.
20:09. Оюндун 9-мүнөтүндө алгачкы сокку узатылды. Мирлан Мурзаевдин тепкен тобу дарбазадан өйдө кетти.
20:15. "Ак шумкарлар" ылдам чабуулга чыгышты. Бекжан Сагынбаевдин чыгарып берген пасына алгачкы болуп атаандаштын дарбазачысы жетип барды.
20:19. Коноктор чабуулга чыгышты. Айып аянтчага жакын жерден Турсунали Рустамов эреже бузуп, сары кагазга ээ болду. Палестина курамасы кооптуу аралыктан айып сокку аткарат.
20:20. Айып соккудан көтөрүлгөн топко биринчи болуп кыргыз коргоочулары жетишти.
20:23. Коноктордун оюну жанданып, тез-тезден дарбазага жакындап келе башташты.
20:25. Айып аянтчадагы күрөштөн Ахлиддин Исраилов жаракат алып, учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
20:27. "Ак шумкарлар" катары менен 2 жолу бурчтан чыгаруу аткарышты. Бирок чыгарылган топко дарбазачы биринчи болуп жетти.
20:30. Муролимжон Ахмедовго карата эреже бузулуп, коноктордун оюнчусу сары айып кагазына ээ болду.
20:31. Гоол! Турсунали Рустамов Чыгарылган топту башы менен сүзүп, гол жаратты. Эсеп 1:0.
20:35.Коноктор дароо гол менен жооп берип коё жаздады. 11-номердеги чабуулчу дарбазачы менен бетме-бет чыгып, бирок дарбазага түз тебе алган жок.
20:38. Мирлан Мурзаев дагы бир мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калды. Талаанын орто ченинен узатылган пас Мурзаевге жетип барганы менен таамай сокку узата алган жок.
20:41. Бул ирет Мурзаев атаандаштын 2 оюнчусун алдап өтүп, айып аянтчасына пас чыгарып берди. Бирок командалашы мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок.
20:45. Биринчи таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, 1 мүнөт кошулду. Бул убакытта атаандаш эсеп санын теңегенге аз калды.
20:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга кетти.
21:01. Оюнчулар талаага чыгып, беттеш уланууда. Эки командада тең бирден алмашуу орун алды.
21:04. Гол! Кайрадан баш менен узатылган сокку, кайрадан гол. Бул ирет Бекжан Сагынбаев баарынан бийик секирди.
21:07. Мирлан Мурзаевге бул беттеште ийгилик жылмайбай жатат. Бир нече коргоочуну жазгырып барып, сокку узатаарда топту тарттырып жиберди. Ошондой болсо да Мурзаевдин кооз оюн көрсөткөнү күйөрмандардын колдоосуна ээ болууда.
21:13. Гол! Палестина курамасы эсептеги айырмачылыкты кыскартты. Айып соккудан Тамер Сеямдын тепкен тобу дарбазанын бурчунан орун алды.
21:19. Коноктордун голунан кийин "Ак шумкарлар" коргонууга ыктай баштады. Коноктор бир нече ирет чабуул жасаганга үлгүрдү.
21:21. Мирлан Мурзаев дарбазачы менен бетме-бет чыгып кала жаздады. Бул ирет аны офсайд абалы токтотту.
21:23. Талаа ээлери акырындап өздөрүнө келе баштады. Ишенимдүү түрдө топту атаандаштын жарым талаасында кармап, кези келгенде чабуул жасап жатышат.
21:28. Дагы бир кооптуу абал коноктордун дарбазасынын жанында жаралды. Жакын аралыктан тебилген топ коргоочуга тийип калды. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу аткарат.
21:31. "Ак шумкарлар" катары менен 3 жолу бурчтан чыгаруу аткарды. Акыры топ атаандаштын дарбазачысынын колуна келип түштү.
21:33. Коноктордун көптөн күттүргөн чабуулу орун алды. Узатылган сокку дарбазадан өйдө кетти.
21:37. "Ак шумкарлардын" катарында алмашуу. Мурлимжон Ахметовдун ордуна Гүлжигит Алыкулов талаага чыкты.
21:42. Беттештин негизги бөлүгүнүн аякташына 5 мүнөт калганда оюн жандана түштү. Эки тарапка тең кезек менен чабуулдар уюштурулууда.
21:43. Айып соккусунан узатылган топ кыргыз оюнчуларынын колуна тийип, пенальти дайындалды.
21:44. Гол. Палестинанын оюнчусу 11 метрлик айып соккуну таамай аткарып, эсепти теңеди.
21:46. Беттештин негизги убактысы соңуна чыгып, кошумча 4 мүнөт кошулду.
21:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш соңуна чыкты. "Ак шумкарлар" Азия Кубогунан кийинки алгачкы беттештин соңку мүнөттөрүндө жеңишти колдон чыгарып жиберишти.