Юстиция министрлигине КСДП партиясынын документтериндеги маалыматтарды өзгөртүүгө тыюу салынды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ага ылайык, 6-апрелде Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын алдында өткөн КСДПнын жыйыны жараксыз деп табылды. Ал эми Сагынбек Абдрахмановдун арызы канааттандырылып, ал КСДПнын төрагасы деген документ өзгөртүүсүз кала турган болду.
Атамбаев төрагасы болгон КСДП бул соттук чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасын, маалыматтарын өзгөрткөнү үчүн Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратурага 18-апрель күнү жөнөткөн.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Буга чейин маалымдалгандай, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.
Буга нааразы болгон КСДПнын, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция өткөрүшкөн. "Адилетсиз министрлик" деп аталган акциянын жүрүшүндө партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү мекеменин ичине кирип, министр менен жолугушкан. Андан кийин алар партиянын маалыматын кайра өзгөртүү үчүн бардык керектүү документтерди тапшыра тургандыгын айтышкан.