Бишкекте “Сүрөт аңчылыгы” сынагына катышуучуларды каттоо жүргүзүлүүдө

Бишкекте “Сүрөт аңчылыгы” сынагына катышуучуларды каттоо жүргүзүлүүдө. Уюштуруучулар билдиргендей, сынакка 4 сүрөтчүдөн турган командалар катыша алышат. Сынактын шарты боюнча профессионалдык жана профессионалдык эмес фотоаппараттар менен ар кандай темада, ар нерсени сүрөткө тартуу керек. Мисалы, троллейбуста Аяз атанын кийими менен бирөөнү сүрөткө тартуу же аялдын кийимин кийген эркек баланы сүрөткө тартуу. Ар бир аткарылган тапшырмага өзүнчө баллдар берилип, жеңүүчү аныкталмакчы. Конкурс 2 айлампадан туруп, ишемби жана жекшемби күндөрү өтмөкчү. Катышууну каалагандар   (0555) 12-32-52 номуру боюнча кайрылышса болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан