Ошто төрөттөн каза болгон 26 жаштагы келиндин туугандары экспертиза жасатуудан баш тартышкан

Ош шаарында төрөт учурунда каза болгон 26 жаштагы келинге соттук-медициналык экспертиза жасатуудан туугандары баш тартты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашова билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон келиндин наристеси 3 килограмм 250 грамм салмакта төрөлгөн. Ымыркайдын учурдагы абалы жакшы.

"Келиндин өлүмүнүн себебин так айтуу кыйын. Азыр атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталды", - деди ал.

Окуя 8-июнь күнү болгон. Анда Кара-Суу районунун Папан айылынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 39-жумасында ооруканага келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан