Депутат: "Атамбаевдин убагында мыйзам бузулган болсо, жоопкерчиликти баарыбыз бирдей тарталы"

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова эл өкүлдөрүнүн экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткан сөздөрүн сынга алды.

"Албетте, ар бир адамдын сүйлөөгө укугу бар. Бирок мага ыңгайсыз болуп жатат. Алты жыл мамлекеттик башкарууда Атамбаев жалгыз иштеген эмес. Атамбаевдин башкаруусунда азыр ортого чыгып сүйлөгөндөр бийликте турганбыз. Ошол убакта кандай коррупциялык схема, мыйзам бузуулар болсо баарыбыз чогуу аткарганбыз. Себеби Атамбаев бийликте турганда эмне үчүн ушундай нерсени көтөрүп айткан эмес? Анын ошол кездеги жакын адамдары бүгүн башкача сүйлөп жатат. Бул мырзаларга такыр жарашпайт. Эгерде Атамбаевдин убагында мыйзам бузулган болсо, жоопкерчиликти баарыбыз бирдей тарталы. Биз депутат болуп чечимдерди, мыйзамдарды кабыл алып бергенбиз. Эмнеге жоопкерчиликти бир адам тартышы керек?" - деди Карамат Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан