Бүгүн, 12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди. Расмий иш сапарынын алкагында 9 документке кол коюлуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
"Расмий иш сапардын алкагында кенен жана чакан форматтагы жолугушуулар өтөт. Тараптар 9 келишим-долбоорлорго кол коюшат. Гуманитардык-маданий, экономикалык, соода жана саясий багыттагы бир катар келишимдерге кол коюлат. Мындан сырткары президент Халтмаагийн Баттулга Кыргыз өлкөсүндөгү Монголиянын элчилигинин ачылышына катышуусу күтүлүүдө", - деди Айдарбеков.