Депутат Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"40тан ашык депутаттын колу топтолду. Урматтуу төрага, тийиштүү комитетке бул маселени жөнөтсөңүз", - деди Исаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын белгиледи.