Интернетте Бишкектин Киев көчөсүндөгү дубалына баннер илинген 135-үй талкууга алынды. Бул үйдүн сүрөтү социалдык тармактарда пайда болуп "күлөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң" деген өңүттөгү пикирлер айтылып жатат.
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына аталган үй менчик экенин билдирди.
"Бул менчик үй. Ээси менен көп жылдан бери кармашып келе жатабыз. Башка тургундар батирлерин сатып кетишкен. Биз буларга дагы кайрылуу жолдогондон кийин уялганынан өздөрү жаап жатышат. Менчик үйдүн ээсине мындай жаса, тигиндей жаса дегенге биздин мыйзам чегинде укугубуз жок", - деди Алмамбетова.