Президент: "Кыргыз өлкөсүндө Монголиянын элчилигинин ачылышы мамлекеттер ортосундагы кызматташтык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөт"

Кыргыз өлкөсүндө Монголия элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Кыргыз өлкөсү менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Кыргыз өлкөсүндө Монголиянын элчилигинин ачылышы да өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дараметин күчөтүп, өз ара мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында өкмөттөр аралык кыргыз жана монгол ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуштайбыз. Мындан сырткары бир катар тармактарда Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, пикир алмашууга кызыкдарбыз. Монголиянын президентинин Кыргыз өлкөсүнө болгон расмий сапары эки мамлекеттин достук мамилелерин, кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы болуп саналат", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан