Мындан ары имамдар баш кошкон жубайлардын никесин журналга каттап, отчёт беришет

Мындан ары имамдар никесин кыйдыргандарды атайын журналга каттайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарды чогултуп, аларга нике каттоо журналын тааныштырды.

“Муфтият нике каттоо журналынын үстүнөн бир жылдан ашуун эмгектенди. Чет мамлекеттердин тажрыйбасы дагы колдонулду. Журнал Кыргыз өлкөсүндөгү Мусулмандар аалымдарынын кеңеши тарабынан жактырылды. Бүгүнкү күндөн тартып өлкөнүн бардык облустарындагы казыяттарда кезек-кезеги менен имамдарга журнал тууралуу семинар өткөрүлүп, маалымат берилгенден кийин гана нике журналы тапшырылат. Муфтият бул журналды дыкат көзөмөлгө алып турат”, - деди муфтий.

Никенин жана никеге каттоого алуунун максаты:

  • Мусулмандардын шарият жолу менен никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;
  • Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака (эркек жубайына керектүү нерселер менен камсыз кылууга милдеттүү болот. Жашаганга жай, кийгенге кийим, тамак-аш жана ооруп калса дары-дармектер менен камсыз кылууга тийиш) маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу;
  • Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;
  • Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо;
  • Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын аты-жөнүн тастыктаган документтерин талап кылат. Ошондой эле мыйзамдын талаптарына ылайык 18 жашка толо электердин никесин кыйбайт. Нике каттоону жүргүзгөн дин кызматкерлери жана имамдар квартал сайын райондук баш имамга маалымат берип турат. Ал эми райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар Муфтиятка нике тууралуу отчёт беришет.

Нике журналы шарияттын бардык талаптарына жооп берген каттоо болгондуктан юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт. Андыктан үйлөнгөн жаштар мамлекеттик нике каттоо органдарына барып, үй-бүлө кургандыгын тастыктаган күбөлүк алуусу зарыл.

Нике журналы 3 миң нуска менен басылып чыкты. 2019-жылдын 12-июнунан 3-июлга чейин Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарындагы имамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, нике журналы тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-06-12 23:05:47
Жакшы жоролго. Имамдардын шабашкасын каттоо. Андан кийин патент доолай баштаганга жакшы жол. Ошону менен баягы эле коррупция.
+5
talant87
2019-06-13 04:01:52
Бизде мин сом алып квитанция берет ошолда каталганы
0
admin_media
2019-06-13 10:58:23
filis, Kairat1996,
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан