Эмнеге айдоочулук күбөлүк берилбей калды? Бланктар түгөндүбү? Мамлекеттик каттоо кызматынын жообу

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүк берилбей жатканын айтышууда.

"Транспорт каражаттарын каттоо департаментинде 2-3 аптадан бери "айдоочулук күбөлүк үчүн бланктар түгөндү" деген шылтоо менен убактылуу күбөлүк берилип жатат", - дейт алардын бири.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бланктар түгөндү деген маалымат туура эмес. Аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге учурда айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөргө кете турган жарандарга гана берилип жатканын билдирди.

"Апрель айында айдоочулук күбөлүктөр үчүн бланктарды жасап берген компания менен келишим аягына чыккан. Ага чейин тендер өткөрүлүп, башка компания менен келишим түзүлүшү керек эле. Бирок жыл башында күчүнө кирген айрым мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы келишимдин түзүлүүсү кечигип жатат. Азыркы учурда калган бланктар чет өлкөлөргө кете турган айдоочуларга гана берилип жатат. Ал эми өлкө аймагында жүргөн айдоочулар үчүн убактылуу күбөлүктөр берилет. Бул күбөлүктөр болжол менен 2-3 айга, тактап айтканда, жаңы бланктар даяр болгонго чейин жарамдуу болот", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kumarchik
2019-06-13 10:15:33
Мен автомектепке окусамбы деп аттым эле бул жагы наак болдуго
0
Beka1986
2019-06-13 10:23:57
Kumarchik,окуйбер,зыяны жок
+1
basyz-kaman
2019-06-13 10:28:55
Жакында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берилет баасы мурдагыдан эки эсе арзан болот деп жатышат го.
0
Jelezo
2019-06-13 12:53:15
Россияда жургон кыргыздардын праваларында жарактуу мооноту корсотулбой ГАИлер праванар жараксыз деп 30 мин.руб.штраф салып машинелерин эвакуатор менен жуктоп кетип жатышат,бул да болсо кыргыз чиновниктеринин оз элине жасаган кыянатчылыгы.Миндеген адамдар жумушсуз калып 30 мин.рубльдан толоп жатышат.Кыргызстанга барып алмашып келели деп барышса права тугонгон дептир бирок жен ичинен 25000 сомдон жасап жатышат экен.Кимге арызданабыз С.Жээнбековгобу, Путингеби же Атамбаевгеби? Ар бир жаран жол кир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан