Депутат: "Тарых музейи боюнча тергөө амалдары аягына чыкты, бирок ал дале ачылбай турат"

Тарых музейи боюнча тергөө амалдары аягына чыкты, иши сотко өттү, бирок ал дале ачылбай турат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.

"Президенттин буйругуна ылайык, быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында турабыз. Буга чейин Тарых музейине Усубалиевдин ысымын берсек деп сунуштадым эле. Музейдин бир бурчуна ири мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна арналган атайын бурч уюштурулса, биз үчүн да, биздин келерки муун үчүн да жакшы болмок. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андан кабар жок. Мага туристтик компаниялардан көп кайрылуу түшүп жатат. Алар ушул музейди ачып берсеңиздер деп өтүнүп жатышат. Себеби келген туристтер да бул музейге барышчу.

Бүгүнкү күндө Тарых музейи боюнча тергөө амалдары бүттү, иши сотко өттү. Бирок тарых музейи дагы деле ачылбай турат. Бул маселеге көңүл буруп койсоңуздар, эгер мүмкүнчүлүк болсо аны ачып койсок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан