Нарында 600дөн ашык окуучунун билим алуусу үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда турганы айтылды

Нарын районунда 643 окуучунун билим алуусу үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Акматов билдирди.

"Мага Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары жардам сурап кайрылды. Ал айылдагы 643 окуучу билим алган Табалдиев атындагы мектепте жылуулук берүүчү системи март айында эле иштен чыккан. Бирок бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Сентябрь айында мектеп окуучуларынын билим алуусу үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда турат.

Баарыбыз билгендей, Нарын облусунда октябрь айында суук болуп калат. Билим берүү жана илим министрлигинин бул тууралуу кабары барбы? Маселени чечүүгө 4 миллион сом каражат керектелет экен. Эгерде аны калыбына келтирбесе 643 окуучу мектепке бара албай калат. Окуу жылы башталарына аз эле убакыт калды. Буга чейин премьер-министрге бул маселе менен кайрылгам, азыр өкмөттүн өкүлүнө да айтып жатам. Көңүл буруп койсоңуздар", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaku2017
2019-06-13 10:29:09
Ар кайсы кычыктарга арабтардын мечитин салдыртпай билим мекемелерин ондошпойбу. Жаштар билим алыш керек. Мечиттерге барып арабтардын жомогун укпай.
+2
Aikaaaa
2019-06-13 11:52:38
zhaku2017,ооба, туура. Ар кайсы өлкөгө салдыртып алышат да, алары анан болгон жерине кийлигишип отурушат. Эмне десе, өткөндө мен мечит салып бергем, оозуңду басып отур деп. Бизге ушул жакшы көрүнүшпү, күнкарама болуп. Антип ар кимди каадалантпай, пайдалуу иш кылышса келечекти ойлошуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан