Ички миграциянын эсебинен Чүй облусунда жашоочулардын саны өсүүдө, бирок ал нерсе эсепке алынган жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
“Жайыл районундагы оорукана боюнча маселени былтыр көтөргөм. Жакында да көтөрүп чыккам. Тилекке каршы, бул маселе чечилбей келет. Айлык акылардын аздыгы, имараттардын эскилиги, жабдуулардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Ушундай эле көрүнүш Москва, Сокулук районунда да бар. Биринчи байлык ден соолук дейбиз, анан ден соолукка кам көргөн дарыгерлерге да көңүл буруп койсок жакшы болмок.
Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө лифттин иштебегенине бир нече жыл болду. Бул маселени чечип берем деп министр убада кылган, бирок көйгөй чечилген эмес. Ички миграцияны эсепке албай келебиз, бирок акыркы жылдары Панфилов, Жайыл, Москва райондорунда жашоочулардын саны өсүүдө. Мындан улам мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди курууга, оңдоого көңүл буруу керек", - деди депутат.