Негизги аскер бөлүктөрү Баткенде жайгашкандыктан ал жерде аскердик бейтапкананын курулушун тез арада ишке ашыруу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
"Чоң көйгөйлөрдүн бири Баткен облусундагы аскердик бейтапкананын курулушу болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин кошуна мамлекеттер менен чектешкен чек аралар такталбагандыктан ар кандай күтүүсүз жагдайларга даяр турушубуз керек. Негизги аскер бөлүктөрү Баткенде жайгашкандыктан бейтапкананын курулуш иштери тез арада ишке ашуусу зарыл.
Бейтапкананын курулушу аскер кызматкерлеринин жана башка тиешелүү кызматтардын кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзмөк. Облустук оорукана алыс жайгашкандыктан жана ал оорукананын абалы тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен аскердик бейтапкана куруу боюнча маселени өкмөт эске алууга тийиш", - деди.
Мындан тышкары депутат 2020-жылы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон Исхак Разаковдун 110 жылдыгын, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Самат Садыковдун 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө чакырды.