Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине өлкө лидерлери кандай учак менен учуп келишти? (фото)

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Мындан улам өлкө лидерлери Кыргыз мамлекетине четинен учуп келишти.

12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Boeing 737-800 учагы менен учуп келген Баттулга Кыргыз жергесине биринчи жолу келиши.

12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз өлкөсүнө Boeing 747-800 учагы менен келди. Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Кечээ, 13-июнда Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен Boeing 737-300 учагында келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 13-июнда Кыргыз өлкөсүнө Boeing 747-400 учагы менен келди. Модини өлкөнүн вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев дагы Кыргыз мамлекетине 13-июнда Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учак менен учуп келди. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жакында Казакстандын президенти болуп шайланган Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнө 13-июнда келди. Бул анын президент катары Кыргыз мамлекетине жасаган алгачкы иш сапары болду. Казакстандын президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Токаев Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү учак менен келди.
Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Gulfstream 450 менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин 13-июнда расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу аэропортто болду. Владимир Путин Ил 96 үлгүсүндөгү учак менен келди.

13-июнда Беларусь мамлекетинин президенти Александр Лукашенконун учагы "Манас" аэропортуна келип конду. Аны Boeing 767-300 учагынын бортунан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде байкоочулук милдетти аткара турган Иран Ислам мамлекетинин президенти Хасан Рухани Airbus А 340-300 үлгүсүндөгү учак менен келди. 13-июнда келген конокту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Акыркы болуп Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда келди. Boeing 737 учагы менен келген тажик лидерин да тосуп алуу милдетин Мухаммедкалый Абылгазиев аткарды.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Dalil
2019-06-13 19:18:41
Саммити да тажатты бизге окшогон карарайым калкты. Турабыз жол жабык 1 саатан бери. Ушул ак сөөктөрдүн баарын топтоп аэропорт жакка ак үй менен көк үйдү кошо көчүрүп эле жиберсе эмне болот. Ошол жактан тосуп коногун ошол жактан узата берет. Карапайым калкты кыйнабай. Чоң курсактарга эде пайдасы тийбесе бул саммиттин карапайым калк баягы эле кетмени желкесинде кала берет. Же өзгөрүү болдубу ушунча жолугушуулардан?
+24
Kuba-savai87
2019-06-13 21:29:44
Dalil,айда жылда бир болот го саммит бир аз сабыр кыл эми. Башка кундор дагы бар да
+12
Dalil
2019-06-14 03:15:33
Kuba-savai87, сен да кичинекей кызың менен күн ыссыкта туруп калсаң көрөт элем 1 саат 30 мүнөттөй. Мага окшоп чыдабай сайрап калсаң керек ошондо.
+3
fanatkg
2019-06-14 11:37:49
Dalil,бул жерде өттө чоң масштабдагы жолугушу болуп атат. ХХХХХХХ кечке күтсөң деле арзыйт!
+1
admin_media
2019-06-14 12:29:01
fanatkg, башкалардын улутун, динин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! БАНга!
0
kazakov1991
2019-06-13 20:37:59
биздикилер автаритетине караап тосуптурда Кытай менен Россияны Соке озу тосуп Калгандарына боло берет дегендей кылыптыр
+27
Nazar76
2019-06-13 20:58:08
kazakov1991,Туура айтасын
+6
Kroxa
2019-06-14 03:19:38
kazakov1991,карыздары бар олкого жорголойт да Сокебиз
+9
Bektur2011
2019-06-14 12:03:14
Kroxa, Президент убактысына карап анан тосуп алат да.
+1
Take_men
2019-06-14 03:23:28
kazakov1991, подаркасына жараша тособуз да...
+4
Momun...
2019-06-14 12:45:22
Take_men,Акчасына карап тособуз.
+4
fanatkg
2019-06-14 11:38:51
kazakov1991,баарын тосконго жетишпейт. Ошон үчүн стратегиялык өнөктөштөрдү тосуп алганы туура эле көрүнүш!
+3
sely
2019-06-14 15:13:38
fanatkg,туура айтасын Оз орду мн тосуп алыш кк.
+2
Bektur2011
2019-06-14 12:02:50
kazakov1991,Президент деген убактысына карап анан тосуп алат. Кичине акыйкаттык болуш керек да. Тосуп алса эмне болуптур.
+3
taalay25
2019-06-14 16:34:17
kazakov1991,аброюна карап эмес кызматташтыгына карап
0
Krai
2019-06-13 20:43:22
Өркүндөй бер өсө бер кыргыз элим дүйнөнү титреткен үлкөн мамлекеттер менен бир баарлашуу бир кадамга баруу биз үчүн келечек үчүн чооң жетишкендик
+13
Altyn2017
2019-06-13 21:23:14
Эмомали жокго же жакыныраак Учак менен барып олтурамбы деп автомашина менен через Баткен жолго чыкканбы.
+8
zzz---zzz
2019-06-14 17:34:05
Altyn2017,көрбөдүнбу ошондой чоң кишини сомон эйр деген самолет менен келгенин.
0
Kuba-savai87
2019-06-13 21:27:37
Казак президентти сол кол менен ооз тиет го тооба
+1
tavanova.sarah
2019-06-13 21:29:16
Иши кылып карыз сурабаса болду ХХХХХХХХ((
+8
eduardali
2019-06-13 22:27:47
Токоев левша окшойт Акмак
-2
maramak
2019-06-14 08:44:17
Индия, Кытай, Пакистан президентеринин учактарынын аттарын билбейт го Супер инфо
+4
Эльвира Караева
2019-06-14 10:23:32
maramak, саламатсызбы, маалымат толукталды
-5
JENTLEMAN
2019-06-14 09:18:37
Пайдасынан зыяны көп бул мусор саммити тажатты чындыгында. Жөн эле ичип-жеп, ойноп кетишет эч нерсени чечишпей эле. Канча жылдан бери өткөрүшөт элди кыйнап, бирок жылыш жок.
-1
Altyn2017
2019-06-14 14:47:49
Ушул саммитти откоробуз деп канча акча сарпталды э.
+2
ulanbek2000
2019-06-14 17:15:02
Украинадан келбедиби
0
tachkomur
2019-06-14 17:31:14
Тойгузду самитинер иштен калтырып адамды баардык жакты жаап пробка кылды айтайын дейсин XXXXX
+1
nursiyanur
2019-06-15 11:29:54
Озбек элинин самалотун карагыла,чыкыйатко приздентине окшоп,желегинин элесин тушуруп коюптур.Жакты мага узб.самолету,президентти кучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан