Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 11-12-июнда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, "чылымсыз спорт" деген ураан менен өткөн мелдешке жалпы 8 өлкөнүн спортчулары катышты.
"Мелдеш грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна даярдык иретинде спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан уюштурулду. Казакстан, Монголия, Тажикстан, Түркия, Бразилия, Орусия, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн 134 балбан катышты", - деп айтылат маалыматта.
Байгелүү орундарга ээ болгон балбандардын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Асан Сулайманов;
2-орун – Сардар Конушбаев;
3-орун – Балбай Дордоков;
3-орун – Сыргак Максатбеков.
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Каныбек Жолчубеков;
2-орун – Жоламан Шаршенбеков;
3-орун – Абдурашид Бердалиев (Өзбекстан);
3-орун – Байэл Сатыев.
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Тынар Шаршенбеков;
2-орун – Элмар Талантбек уулу;
3-орун – Дастан Стамалиев;
3-орун – Алексей Тадыкин (Орусия).
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Амантур Исмаилов;
2-орун – Жанат Кыйлыбаев;
3-орун – Халмурат Ибрагимов;
3-орун – Бек Коңурбаев.
72 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Руслан Царев;
2-орун – Бексултан Назарбаев;
3-орун – Назарбек Анарбек уулу;
3-орун – Манас Үсөнов.
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Кайратбек Түгөлбаев;
2-орун – Ренат Иляз уулу;
3-орун – Эрлан Чопбай уулу;
3-орун – Жасулан Маратов (Казакстан).
82 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Бурго Бейшалиев;
2-орун – Элбек Урайимов;
3-орун – Абдулазиз Ашымбеков;
3-орун – Илгиз Билимов.
87 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Атабек Азизбеков;
2-орун – Калидин Асыкеев;
3-орун – Мелис Айтбеков.
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Эмиль Сафаров (Орусия);
2-орун – Медер Абыкеев;
3-орун – Дамир Зупаров (Казакстан).
130 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун – Мурат Ромонов;
2-орун – Миляс Марков;
3-орун – Мурат Омаров.