Кыргыз өлкөсүнө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий иш сапары менен келди

Бүгүн, 14-июнда эртең менен Кыргыз өлкөсүнө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий иш сапары менен келди. Аны "Манас" аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкө лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Иш-чара президенттер менен премьер-министрлердин чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталды.

Мындан соң лидерлердин тар чөйрөдө чогулушу күтүлүүдө. Андан кийин саммиттин катышуучулары кең чөйрөдө жолугушат. Ошондой эле самиттин алкагында бир канча маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Бүгүн борбор калаада орун алган ШКУнун саммитин чет элдик жана жергиликтүү ЖМКлардын 500дөй журналисти чагылдырып жатат. Иш-чарага Кыргыз мамлекетинен тышкары Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышууда. Ал эми уюмда байкоочу катарында Кыргыз өлкөсүнө Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары келди.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине өлкө лидерлери кандай учак менен учуп келишкенин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан