Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтүүдө.
Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйыны өттү.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышты.
Учурда өлкө лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга чогулушууда.