Орусиянын президенти Шанхай кызматташтык уюмунун төрагалык милдетин аркалоо учурундагы пландары тууралуу айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун төрагалык милдетин аркалоо учурундагы пландары тууралуу айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда аталган уюмдун саммитинде билдирди.

Ал Орусия Шанхай кызматташтык уюмунун төрагалыгын кабыл ала турганын белгиледи. “Терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү негизги маселе боюнча калат. Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кылуу улантылат. Ооганстандагы абалга өзгөчө көңүл буруу керек. Сириядагы террордук очокторду толугу менен жок кылуу шарт”, - дейт ал.

Путин 2020-жылдын 22-23-июлунда Орусияда өтө турган ШКУнун саммитине өлкө лидерлерин чакырды.

ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан