“Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында жаштардын байланышын күчөтүү зарыл” деп бүгүн, 14-июнда аталган уюмдун саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.
Ал айыл чарба жана медицина, соода-сатык тармактарында кызматташууну күчөтүүү керектигин белгиледи. “Ачык жана толеранттуулук менен иштешүү шарт. Шанхай кызматташтык уюму ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө ала тургандай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтулат”, - деди ал.
ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.