13-14-июнда Казакстандын Алмата шаарында көркөм гимнастика боюнча "Достук" эл аралык турнири болду. Анда Ош шаарынан барган Авиагиль Эсенкулова, Камила Саркарбаева, Лилия Сыргабаева, Мариям Кубанычбекова жеңүүчү аталып, алтын байгеге ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздардын биринин ата-энеси билдирди.
"Бул турнирге 13 кыз барган. Алардын ичинен төртөө 1-орунду багындырып, алтын байгеге ээ болушту. Ал эми 9 кыз дагы байгелүү орундарды ээлешти. Алардын эң кичүүсү 3 жаштагы Авиагиль Эсенкулова", - деди ал.