Президент Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн байланыштары - стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын эске алуу менен 2021-жылды Кыргыз мамлекети менен Индиянын достук жана маданият жылы деп жарыялоо сунушталды. "Бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, мындан ары өнүктүрүүгө жакшы шарттарды жаратты десем жаңылышпайм. Индия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон дареметибизди жумшоого даярбыз", - дейт Жээнбеков.