Депутат Сурабалдиева: "Карамушкина парламент таркасын дебей, үлгү көрсөтүп өзүнүн мандатын тапшырсын"

Депутат Эльвира Сурабалдиева кесиптеши Ирина Карамушкинанын кылыктарын эмне үчүн азыр жарыялап жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына пикирин билдирди.

"Акыркы окуяларда Карамушкина кыргыз элине камкордук көрсөткөндөй, чынчыл болуп көрүнгүсү келип жатат. Ошондон улам анын буга чейинки окуялары эске түштү. Ош облусундагы балдар үйүнө бир канча депутаттар болуп барганбыз. Ал "кыргыздар, толтура балдарды төрөгөн үчүн өнүкпөйсүңөр, жакырчылыкта жашайсыңар" деп айткан. Биз менен журналисттер дагы барган. Ошол жерде турган журналист бала ачууланганда араң токтотком. 2017-жылы Карамушкина Орусияга барганда дагы кыргыздар орустарды басмырлайт, кыргыз тилин билбегени үчүн коомдук транспортторго да түшө албай калдык дегендей сөздөрүн билдирген. Аны менен кошо барган депутаттар "бул эмне дегениң?" деп айтышыптыр. Алар бул маселени парламентте көтөрөйүн десе Атамбаев басып койгон. Фарид Ниязов депутаттарга чалып "бул маселени көтөрбөгүлө" деп баскан. Азыр болсо парламентти таркатыш керек деп айтып жатат. Ал кыйын болсо парламент таркасын дебей, үлгү көрсөтүп өзү мандатын тапшырсын. Карамушкина шайлоодо миң дагы добуш алган эмес. Артында эли жок. Алмаз Шаршеновичтин каражаты менен келип алып бул жактан кыйын болуп жатат. Кийинки жума көрөсүңөр парламентте "мени орус болгон үчүн басмырлап жатасыңар" деп кыйкырат. Бирок ал жерде Карамушкина эле жалгыз орус эмес да. Евгения Строкова, Наталья Никитенко деген депутаттар орус улутунан болушат. Строкова "Кыргыз мамлекетинин бир бөлүгүмүн" деп айтып жүрөт. Ал "мен деле орусмун, мени эч ким басмырлаган жок" десе Карамушкина анын кабинетине кирип, токмоктогонго чейин барган. Көптөр мени бул маселени эмне үчүн азыр айтып жатат деп жатышат. Мен бул боюнча Карамушкина менен буга чейин бир канча жолу урушуп келгем. Ал бир нерсе болсо эле беттен алат", - деди Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан