18-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Конституциялык палатанын соту кызмат ордуна Карыбек Дүйшеевдин талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин президент сунуштаган. Баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев жасайт. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында мындан тышкары 7 маселе каралат.
Карыбек Дүйшеев 2011-жылы президенттик аппараттын сот органдары бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.