Бекназаров: "Атамбаев менен Жээнбековдун эрегишүүсүнөн өлкөдө реформалар жүрбөй жатат"

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Конституцияны өзгөртүү керектигин айтты. Бул демилгесин ал бүгүн, 17-июнда маалымат жыйынында көтөрдү.

"Экс-президент менен азыркы президенттин эрегишүүсүнөн өлкөдө реформа жүрбөй жатат. Мамлекетте кризис болууда. Башкаруу системин өзгөртүү керек. Акаев, Бакиев, Атамбаев бир систем менен иштешкен. Жээнбеков дагы ушул систем менен иштөөдө. Бул системди жок кылыш керек. Атамбаев камалса, абал оңолбойт. Конституциялык реформа жасап, президентти жана депутаттарды курултай алдында отчёт берүүгө милдеттендирүү керек. Ал үчүн көз карандысыз курултай түзөлү. Мындан тышкары элдин өкүлүн эл шайласын. Ушуларды өзгөртпөсөк, азыркы "чимкирик" депутаттар кайра парламентке келет", - деди Бекназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан