Төрт-Гүл суусуна чөгүп каза болгон баланын атасы: "Уулумду куткарам деп каза болгон бала бир үйдүн жалгыз баласы экен"

Баткен облусунун Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп кетип каза болгон 20 жаштагы Нуртилек Сүйүнбай уулу үй-бүлөнүн эң улуу баласы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум баланын атасы Сүйүнбай Марипов билдирди.

"Уулум 20 жашка чыккан. Аты-жөнү Сүйүнбай уулу Нуртилек. Өзү Ош шаарындагы колледждердин бирин аяктаган. Өзүмдүн төрт уул, бир кызым бар.

Уулум окуя болор күнү мени Бишкекке узаткан. Себеби мен Бишкек-Баткен багытында такси кызматын көрсөтүп иштейм. Ал сууга түшкөнү достору менен барган экен. Бирок эмне болуп чөгүп кеткенин билбейм. Мага каза болду деп кабар айтышты. Өлүкканага барсам баламдын жанында дагы бирөө бар экен. Сураштырсам ал баламды куткармакчы болуп өзү дагы чөгүптүр. Айткандарга караганда, ал бир үйдүн жалгыз уулу экен. Өзүм да баламды жоготуп минтип ыйлап турганда ал баланын жакындары менен байланыша элекмин.

Балама эч кандай соттук-медициналык экспертизаларды дайындаткан жокмун. Себеби - бул кокустук. Уулум дайыма жакшы адам болгонго аракет кылып турчу. Кыялдары, максаттары көп болчу. Тун уулум болгондуктан аны бөтөнчө жакшы көрчүмүн", - деди Марипов.

15-июнь күнү Төрт-Гүл суу сактагычына саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган А.Б. жана 1999-жылы туулган С.уулу.Н. аттуу эркек балдар сууга чөгүп кетишкен. 16-июнь күнү эртең менен куткаруучулар эки адамдын жансыз денесин таап, суудан алып чыгышкан.

Баткенде суу сактагычка 2 адам чөгүп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jan-tumarym2017
2019-06-17 14:45:32
Ооба,аябай окунучтуу окуя болду... Аллах бейиштен орун берсин экоосуно тен. Коз алдыбызда, 5 минутка жетпеген убакыттын ичинде коздон кайым болушту... Нуртилекти куткарам деп, бироонун жалгыз баласы жок болду. Анын артынан тойда болбой калды...
+10
i1urp
2019-06-17 15:22:27
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын.
-17
Nur777
2019-06-17 15:57:08
Жаткан жерлери жайлуу болсун,Жараткан жакындарына сабыр берсин.
Абдан окунучтуу...
+11
Pamirlan
2019-06-17 17:44:34
Журоогум титиреп кетти,
+4
Shaa-82
2019-06-18 09:38:05
Эхх жаман окунучтуу, жаткан жерлери жайлуу болсун! Ата-энесине, бир туугандарына сабыр берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан