Бүгүн, 17-июнда маалымат жыйында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков менен кайсы маселени талкуулагысы келгенин айтты.
"Мен өлкө башчы менен бир нече жолу жолугушкам. Кийинки жолугушууда курултайды түзүү боюнча конституциялык реформа тууралуу сүйлөшкүм келерин айткам. Жөн эле жолугушуунун кереги барбы? Президент күзгө чейин бул маселени чечем деген. Эгер конституциялык реформа боюнча сүйлөшкүсү келсе, анда аны менен жолугушам", - деди Бекназаров.