Бишкекти "борбордук провинция" деген орусиялык журналист сынга кабылды

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкекти "провинция" деген орусиялык журналист сынга кабылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Бул видео интернет тармагына да тарап, кыргыз коомчулугу тарабынан нааразычылыкты жаратууда. Анда 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусу учурунан түз эфирде маалымат берип жаткан журналисттин Бишкек шаарына карата айтылган сөзү көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Орусиялык НТВ каналы түз эфирде маалымат берип жатып, анын Алексей Прокин аттуу журналисти: "Айта кетүү керек, Бишкек же провинциялык борбор, же борбордук провинция. Мындан улам ШКУнун саммити бул жерде бир эле күн өтөт. Батышка болсо бул шаар америкалык база бар учурда гана кызык болчу. Азыр болсо ШКУнун саммитине байкоочу катары Монголия, Ооганстан, Беларусь жана Иранды чакырган. Бул ШКУнун таасири эми Ыраакы Чыгыштан Жакынкы Чыгышка жана Евробиримдик менен Чыгыш Европанын чек арасына чейин жайылат дегенди билдирет", - деген.

Интернет колдонуучулардын айрымдары журналист кайсы бир жагдай тууралуу жеке оюн ичинде сакташы керек болчу деп анын профессионалдык дареметин сындашса, ал дипломатиялык мамилени сыйлаган жок дегендер да бар. Арасында журналист туура эле айтты, пикирди туура кабыл алууну үйрөнөлү дегендер да жок эмес.

Бишкекти "провинция" деген орусиялык журналист сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BarsBaatyr
2019-06-18 14:01:01
Чындык ушундай ачуу болот. Эмнеге чычалайбыз? Бүт жагынан артта калган, граждандык согушту башынан өткөргөн Тажикстан бизден бүт жагынан ат чабым алдыга озуп кетти. А биздикилер отуз жылдан бери уурдагандан башка эч-нерсени ойлонбой келатышат.
+9
Skarlett-Skarlett
2019-06-18 14:51:40
ХХХХХХХ чиновниктер тойбой журсо,биздин шаар кайдан сулуу болсун....Туура эле соз,бирок намыстандым(((((
+4
metsenat
2019-06-19 12:37:54
Ачу чындык,угуп алып аябай намыстандым ото ото жаман сездим озумду………..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан