Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн 18 унаа тапшырылды.
Унааларды тапшыруу иш-чарасына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору Марс Наспеков баш болгон бир нече аткаминерлер катышты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз өлкөсү 1993-жылдын 26-январынан баштап Дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат. Уюмдун максаты – почта кардарларын сапаттуу тейлөө, планетанын бардык жашоочуларынын ортосунда байланыштарды өнүктүрүү жана аракеттешүү.
"Почта коомдун өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт. Анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск жайгашкан. Өкмөт "Кыргыз почтасын" жакшыртуу, модернизациялоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн арзан, бат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууда. Санариптештирүүнүн алкагында 363 маалыматтык киосктун ачылышы калкты тейлөө иштерин кыйла жакшыртты.
Учурда 460 почта бөлүмү интернетке кошулду. Почта аркылуу республика ичинде өлкөдөн тышкаркы 7 мамлекет менен акча которуулары жүргүзүлүп жатат. Дүйнөлүк сайттар аркылуу онлайн соода-сатыктар өнүгүп, жөнөтмөлөрдү жиберүү 30 пайызга, Бишкекте 70 пайызга чейин көбөйдү", - деди Замирбек Аскаров.
Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Дүйнөлүк почта уюму тарабынан "Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу" боюнча долбоору колдоого алынып, 120 миң доллар бөлүнгөн. Анын алкагында аталган уюм "Кыргыз почтасы" үчүн Лада үлгүсүндөгү 18 унааны сатып берди.
Ал эми мамлекеттик ишкананын башкы директору Марс Наспековдун айтымында, "Кыргыз почтасы" - Кытайдын Кашкар шаарына чейин барып, жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алган өлкөдөгү жалгыз компания.
"Ушул жылдан тартып, "Кыргыз почтасынын" унаалары Кытайдын Кашкар шаарына чейин барууга мүмкүнчүлүк алды. Муну менен Кытайдан буюртма кылынган товарларды жеткирүүнүн мөөнөтү 15-20 күнгө чейин кыскарат", - деди Наспеков.