Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп Алгынбай Имаров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин Кадамжай районунун акими болуп Жаныбек Исаков иштеп келген. Ал 7-июнда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Алгынбай Имаров Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.