Эң көп каржы бузуулар Бишкек шаардык мэриясында катталганы айтылды

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча маселе каралууда. Баяндаманы Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жасап жатат.

Депутат Мирлан Бакиров кайсы мамлекеттик мекемеде каржы бузуулар көп каттала турганына кызыкты.

"Каржы бузуулар боюнча эң биринчи орунда Бишкек шаардык мэриясы турат, 417 миллион сом, экинчи орунда "Түндүк электр" ишканасы 251 миллион сом, үчүнчү орунда Транспорт жана жолдор министрлиги 242 миллион сом", - деди Марипов.

Буга депутат "башка шаарлар да текшерилгенби? Мисалы, Ош, Жалал-Абад шаарларында абал кандай?" деди.

"Бюджеттик кодекске ылайык, эки жылда бир текшерилет. Ош шаары 2016-2017-жылы аткарган иштери боюнча былтыр текшерилген" деп жооп кайтарды Марипов.

Жыйында белгилүү болгондой, 2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 204 аудиторлук иш-чара жүргүзүлүп, анын алкагында 2 миң 425 мекеме текшерилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан